super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ыргал Кадыралиева агасы Канжар Кадыралиев менен жеке ишкердин чырын мурда укпаганын айтты

 

Агам Канжар менен ишкер Сактандын ортосундагы маселе боюнча кенен маалыматым жок”,- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына. Ажылык сапарда жүргөндүктөн, агасы тууралуу маалыматтарды интернеттен окуганын айтты. “Кечээ гана ажылык сапардан келгендиктен, мен бул тууралуу интернеттен окудум. Анда телефон аркылуу сүйлөшкөн үндөрү жазылыптыр. Азырынча бир жактуу комментарий бере албайм. Жакын арада бул иш менен таанышып чыккан соң маалымат таратам”,- деди депутат.  

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: