super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 8 компания ат салышууда

 
Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу укугун алууга 8 компания ат салышууда. Мунун үчөөсү Кыргызстандын, экөөсү Кытайдын, бирөөсү Түркиянын, бирөөсү Израилдин, дагы бири Молдованын компаниясы. Экономика министрлигинин билдиришинче, комиссиянын чечими менен жакында тендердин экинчи этабы жарыяланып, жыйынтыгында жеңүүчү фирма аныкталат. Тендердик комиссиянын курамына министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардан депутаттар, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери жана башкалар кирип, комиссияны ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектейт.  
Айта кетсек, долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: