super.kg logo

Бишкекте мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат

 

Бүгүн, 14-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган “Чыныгы легендага айланган мамлекеттик ишмер” аттуу китеп көргөзмөсү ачылат.

Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмөгө Т.Усубалиевдин китептери жана макалалары, андан тышкары гезит, журнал беттерине өмүр жолу баяндалган макалалар коюлат.

Т.Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте, Кыргызстан КП БКнын аппаратында иштеген. 1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары болгон. 1961-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген. Мамлекетке жана Кыргызстан элине кылган эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-жылы 80 жылдык мааракесине карата “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган, КРнын Баатыры деген эң жогорку артыкчылык даражасы берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: