super.kg logo

Бишкекте тоноо кылмышына шектелип 16 жашар эки жаран кармалды

 

"Бишкекте күч колдонуп бир айымды тоногон" деген шек менен Достук кичи районунун 16 жашар Э.И. жана Д.Н. аттуу эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-октябрда милицияга арыз менен шаардын Ш.Ольга аттуу тургуну кайрылган. Арызында ал саат 20:20 чамасында 14-15 жаштардагы эки белгисиз бала күч колдонуп 2 даана уюлдук телефонун тартып алганын жазган. Биринчи Май районунун ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн “Антирэкет” рейдинин жүрүшүндө Достук кичи районунун эки тургуну кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: