super.kg logo

"Казакстандык жарандын унаасын алдап тартып алган" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды

 

"Казакстандык жарандын унаасын алдоо жолу менен тартып алган" деген шек менен Р.Юрий аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Казакстандын Б.Асел аттуу тургуну кайрылган. Анын айтымына караганда, “Азамат” унаа базарынан Юрий аттуу киши анын ишенимине кирип, Мицубиси Аиртрек үлгүсүндөгү унаасын алып, изин суутуп кеткен.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн “Антирэкет” рейдинин алкагында шектүү деп “Манас” авиашаарчасынын тургуну Р.Юрий кармалган. Учурда шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: