super.kg logo

Бишкекте 45 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте бир канча жолу алдамчылыкка барган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургундарынан арыз келип түшкөн. Анда арыз ээлеринин 1969-жылы туулган Сергей Шингаревдин алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркашкандыгы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган жаран кармалган.

Бишкек ШИИББи билдиргендей, Шингарев жергиликтүү гезит беттерине карыздарды кайтарып берүү боюнча кызмат көрсөтөрүн жарыялап, жарандардан кызматы үчүн карыздын өлчөмүнүн 10 пайыз үлүшүн алдын ала эле алып алган. Акчаны алары менен белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү буга чейин “алдамчылык”, “коркутуу” беренелери боюнча соттолгон.

Азыркы учурда кармалган адамдын шаардын аймагында жасалган башка дагы ушуга окшош кылмыштарга тиешесинин бар же жок экендиги такталууда.

Эгерде жогоруда аты аталган адамдан жабыр тарткандар болсо, 0553 120 807, 0553 102 618, 0558 055 045 номурлары аркылуу кайрыла алышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энөө кыргыз десе арданабыз, бирок көчөдө жүргөн бирөөнө эле колубузда болгонун өзүбүз карматып жиберип, андан кийин гана "алдады эле, алдады" деп кыйкырып чыгабыз. Таң болосуң...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: