Жылнаама, 15-октябрь: Мындан 14 жыл мурун Парижде “Сүйүү дубалы” ачылып, анда 311 тилде “Мен сени сүйөм” деп жазылган
* Мындан 93 жыл мурун, 1921-жылы Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган. Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубдарынын эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Кожомкул Кааба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Айрым маалыматтар боюнча, 47 жашында анын салмагы 164 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см болуп, 52 өлчөмүндөгү өтүк кийген. Колунун баш бармагынын жоондугу 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон. 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да тараган.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош шаарындагы Өзбек маданий борборунун жетекчиси Айбек Алимжанов курман болгон. Шаардын борборунда жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинде жакын санаалаш достору менен сүйлөшүп отурган маалда бет капчан адам Алимжановго карай ок узаткан. Башына ок тийген Айбек Алимжанов ошол замат жан берген.

15-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.