Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизатты унаага алмаштыруу аракетин көргөн 28 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизатты унаага алмаштыруу аракетин көргөн 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 11-октябрь күнү Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну 2 килограмм 387 грамм баңгизатын Лексус RX-400h унаасына алмаштырып жаткан жеринен кармалган. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.