super.kg logo
  Саясат  

Динара Ошурахунова Жогорку Кеңешке шайлоодо аймактык тизмелердин болушуна каршы

 

Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте шайлоо системи боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка депутаттар демилгелеген “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Отурумда пикир келишпестиктер да орун алууда. Жарандык коомдун өкүлү Динара Ошурахунова: "Шайлоодо регионалдык тизмелерди түзүү өлкөнү бөлүп салышы мүмкүн. Парламент депутаттары улуттук деңгээлдеги маселелерди карашат. Жергиликтүү көйгөйлөрдү аймактык бийлик карайт. Регионалдык тизмени түзүүгө зарылчылык жок",- деп билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Нуржан Таштанов: "Айрымдар регионалдык тизме дегенди "регионализмге алып келет" деп бурмалап, туура эмес түшүнүшүүдө. Андай эмес, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жарандар колдоп жатышат. Комитетте талкуулар болгондо да айылдык кеңештердин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышкан. Демек, коомчулук тарабынан колдоо бар",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: