super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш айрым мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтоткону жатат

 

Бүгүн, 15-октябрда парламентте “Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтотуп туруу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Спикер Асылбек Жээнбеков президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ тарабынан кылмыш жоопкерчилиги жаатындагы 4 кодекстин долбоору иштелип чыкканын, ал жакында парламенттин кароосуна сунуш кылына турганын билдирди. “Ошондон улам буга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн айрым мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтото туруу демилгеси сунушталып жатат. Менимче, бекер эле убара, ашыкча чыгым болуунун кажети жок”,- деди ал.

Айрым депутаттар жаңыдан иштелип чыккан кодекстердин долбоорлору коомдук талкууга коюлуп, парламенттик угуулар өткөрүлө турганын айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: