Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы өзүнүн 75 жылдыгын белгилейт

24-октябрда Бишкектеги С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы өзүнүн 75 жылдык мааракесин белгилейт. Иш-чарага жергиликтүү сүрөтчүлөрдөн тышкары коңшу мамлекеттердин атактуу сүрөтчүлөрү катышат. Окуу жайдан билдиришкендей, мааракеде аталган окуу жайдын студенттеринин эмгектери жарманкеге коюлат. Көрүүчүлөр жаш чеберлердин эмгектерин сатып алуу менен окуу жайдын өнүктүрүү фондуна көмөк көрсөтүшсө болот. Ошондой эле иш-чарада көңүл ачуучу программаларды камтыган майрамдык концерт уюштурулат.
Айта кетсек, аталган окуу жай 1939-жылы иштеп баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.