Бишкекте тоноо фактысына шектелип 16 жаштагы бала кармалды
Бишкекте тоноо фактысына шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 52 жаштагы Ш.Насирдин аттуу жаран кайрылган. Анда ал жашы жете элек баласын белгисиз адам коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун алып койгонун айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 16 жаштагы бала кармалган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.