super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева депутаттарды мугалимдердин маселесинен саясий упай топтобоого чакырды

 

Бүгүн, 15-октябрда парламент жыйынында депутат Дамира Ниязалиева депутаттарды мугалимдердин маселесинен саясий упай топтобоого чакырды. Ага чейин депутаттар 2010-жылы парламенттик шайлоого жакындаганда мугалимдердин айлыгын көтөрүп, бирок шайлоо өткөндөн кийин алардын айлыктары азайып кеткенин айтышкан эле. Ниязалиева кесиптештеринин пикирине жооп катары 2010-жылы мугалимдер айлык акысы президент Алмазбек Атамбаевдин аракети менен көтөрүлгөнүн айтты.

Ош коогалаңынан кийин мугалимдердин айлыктары көтөрүлүш керек болчу. Президент ошол учурда мугалимдердин айлыгы үчүн 11 миллиард сом бөлүп берген. Бүгүн бул маселени көтөрүп чыгып, саясий упай топтогонго аракет кылбагыла”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: