super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз алтындын" акцияларынын 60 пайызына арест коюлушу боюнча өкмөттө жыйын өтүүдө

 
Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 47 миллион акциясына арест коюлушу боюнча өкмөттө жыйын өтүп жатат. Муну бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынды премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзү жетектеп, талкууга министрликтердин, тийиштүү мекеме, ишканалардын жетекчилери катышууда. 
Эскерте кетсек, жакында Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койду. Мунун себеби - Кыргызстандын "Станс Энерджи" фирмасына 118 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону. Сот чечимине ылайык, кыргыз тарапка аталган акцияларды сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынды. 
Аталган фирма "Куттуу-Сай 2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткарууну Кыргызстандан талап кылууда.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: