Депутаттар аймактык телеканалдарды санариптик берүүгө өткөрүүгө 10 миллион сомдон берүүнү сунушташууда
Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулап жатат. Жыйында депутат Бөдөш Мамырова аймактык ар бир телекомпанияга 10 миллион сомдон кем эмес акча бөлүү керектигин айтты. Анын айтымында, кабыл алынып жаткан токтомго “10 миллиондон кем эмес каражат берилсин” деп так жазбаса, каражат толук бөлүнбөй калышы мүмкүн.
“Биз аймактардагы телеканалдардын баарына бирдей карашыбыз керек”,- деди Мамырова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

