super.kg logo

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Ошто милиция жетекчилери мушташты" деген маалыматты төгүндөдү

 

"ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарындагы ресторандардын биринде бирөө тарабынан сабалыптыр" деген маалымат чындыкка дал келбесин Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн, 15-октябрда айтып чыкты. Анын айтымында, айрым массалык маалымат каражаттарында «Оштогу популярдуу «Изюм» ресторанында 6-октябрь күнү ИИМдин Оштогу башкы башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамын катуу тойлошуп, арак-шарап суудай аккан экен, акырында чоң мушташ чыккан. Милициянын Оштогу башчысы, генерал Сүйүн Өмүрзаков Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Марат Орозбаевге тетири сүйлөп, сөгүп коёт. Анда полковник Орозбаев генерал Өмүрзаков анын жетекчиси экенине карабай тумшукка согуп, сабап кирет. Генералдын кошоматчылары Өмүрзаков менен Орозбаевди жекеме-жеке калтырбай, баары полковник Орозбаевге асылып, аны ортого алып, жабыла көк ала койдой сабап-тепкилешет. Орозбаев ошол күндөн тартып ооруканада жатып, 14-октябрда гана жумушка чыкты. Көзү-башы көк болгондуктан, сурагандарга «тепкичтен кулап түштүм» деп жатыптыр. Генерал Сүйүн Өмүрзаков да бул окуя боюнча Орозбаев менен тил табышып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калуусуна жан талашып жаткан экен» деген маанидеги такталбаган маалымат жарыялангандыгын айтып, бул жөн гана кара пиар экенин айтып өттү. "Муну аталган маалыматты тараткандардын милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына жалган ушактар менен доо кетирүүнү көздөгөн аракети жана кезектеги кара пиар ыкмасы деп билебиз. Ошондой эле жогорудагы маалыматтар чындыкка дал келбеген жалган ушак экендигин маалымдайбыз",- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.10.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайтда,бир нерсе болсо керекда озу экоонун ортосунда.
15.10.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир нерсе болгон үчүн ошондой сөз чыккан да.Калп эле билмексенге салып койуптур го
15.10.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйунго ички курам кызматкерлери нааразы. Ош мериясын шайлоодогу окуя жана коптогон кошомат "движения"лары, патриот кызматкерлерге жаккан эмэс. Бул окуя болушу мумкун.
15.10.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шамал болбосо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: