Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде зордуктоо фактысы катталды
Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жашаган аял милицияга арыз
жазып кайрылды. Арыз ээси аны 5-ноябрь күнү кечки саат 7лер чамасында анча тааныш
эмес Талант аттуу адам күч колдонуп зордуктаганын айтат. Окуя баш калаадагы
Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болуп өткөн. Укук коргоо органдарынын ыкчам
иликтөө иш-чарасынан кийин кылмышка шектелип 1976-жылы туулган К.Т. аттуу адам кармалды. Учурда
бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.