Аламүдүн районунун мурунку акими “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалды
Аламүдүн районунун мурунку акими “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган К.С. аттуу жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Ал 2008-жылы Аламүдүн районунун акими болуп турган убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Байтик, Лебединовка, Кара-Жыгач айыл аймактарындагы айыл чарбага керектүү жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо чечимин чыгарган. Мунун негизинде 42,4 гектар жер тилкеси “жайыт” категориясына кирип калган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.