"Алмазбек Атамбаевдин кадыры менен бензиндин баасы 50 сом болууда, болбосо 80-90 сомго чыкмак" дешти депутаттар

Кыргызстанда бензиндин баасынын 40-50 сомдун тегерегинде кармалып турушу - президент Алмазбек Атамбаевдин салымы. Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирип, бензиндин баасынын кымбатташын эл туура түшүнүшү керектигин айтты. "Бензиндин баасы президенттин авторитети менен 40-50 сомдун тегерегинде кармалып турат. Болбосо 70-80-90 сомго чыкмак. Коңшу өлкөгө биздин өлкөдөн бензин ташылып жатса, демек, бизде баа арзан",- дейт депутат.
Нышанов өкмөт өкүлүнө кайрылып, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы күйүүчү май ташыган вагондорду өлкөгө өткөрүш керектигин айтты. "Сүйлөшүү жүргүзүп, бул маселени чечүү зарыл, ошондо бензин жетиштүү болмок жана арзандамак",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

