Ош шаарында коомдук транспортторго тоскоолдук жараткан унааларга айып пул салынды
Ош шаарында унаалардын жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспортторго тоскоолдук жараткандыгы боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, унаалар аялдамалардан 15 метр алыс аралыкка токтолушу керек болсо, айдоочулар бул эрежелерди аткарбай келишет. Ал эми жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жеңил унаалардын аялдамалардан 15 метр аралыкты сактабай жакын токтошу жана кичи автобустардын аялдамалардан башка жерден жүргүнчүлөрдү алуусу боюнча жалпы 12 протокол түзүлүп, 1050 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.