Бишкекте “Медициналык академияга жумушка орноштурам” деп шаар тургунунан 2500 доллар алып, качып кеткен аял кармалды
Бишкекте “Медициналык академияга жумушка орноштурам” деп шаар тургунунан 2500 доллар алып, алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 44 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Аида аттуу чала тааныш аял “жумушка орноштурам” деп 2500 доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы К.Аида кармалган. Анын ушуга окшогон 4 фактыга катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.