super.kg logo
  Саясат  

Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев мурда соттолгонун моюнга алды

 
Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев (сүрөттө ортодо) энергетика тармагындагы кемчилиги үчүн 2004-жылы соттолгонун моюнга алды. Талапкердин соттолгонун парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев талапкердин мурда соттолгонун укпаганын билдирди. Соттолгондугу боюнча талапкер маалымат берди.
“Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. "Чыгыш электр" ишканасы боюнча убагында иш козголгон. Ишкананын жетекчилери, РЭСтердин башчылары, орун басарлары жоопко тартылган. Жети-Өгүз РЭСинин жетекчиси катары мен да соттолгом. Бизге айып пул жазылып, кийин андан бошотулганбыз",- деди Турдубаев. 
Талапкер өзүнүн мурда соттолгону боюнча президент Алмазбек Атамбаевге да айтканын кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: