super.kg logo

Бишкекте Урмат Усенов, Кундуз Канатбек кызы, Арсен өңдүү белгилүү ырчылар катышкан “Классташтар KG” тасмасынын бет ачары болот

 

20-октябрда Бишкекте “Классташтар KG” тасмасынын салтанаттуу бет ачары болот. Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Эрнест Уметалиев SUPER.KG порталына билдирди. Аземде фильмде образ жаратышкан актёрлор кызыл килемден өтүшөт. Иш-чарага  КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, өкмөттүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, кино тармагында эмгектенген атактуу инсандар катышат.

Тасманын өзгөчөлүгү - башкы каармандарда. Ага бүгүнкү күндө баарыбызга таанымал жүздөр тартылган. Алсак, Чолпонай, Арсен, Айбек Замирбеков, Самат Дөөлөтбаков, Кундуз Канатбек кызы, Назгүл Токтакунова, Айжан Газиева, Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев, Бектемир Мамаюсупов, Нурсултан Майназаров, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген жана башкалар. 

Фильмдин сюжетине кыскача токтолсок, мектепти бүтүргөн классташтар 10 жылдан кийин жолугууну чечишет. Алардын ар бирине кимдин кандай ийгиликке жетишкени кызык болот. Анда ырчы Чолпонай менен Мээрим Төлепберген бири-бирин көрө албаган кыздардын образын ойношот. Тасмада 15ке жакын жаңы ырлар жаңырат. Алардын арасында тасманын саундтреги болгон Назгүл Токтакунованын “Ачууга алдырба”, Бегиш менен Баястандын “Сүйүү жолунда” аттуу ырлары бар.

“Тасмада Мээрим экөөбүздүн чачташкан жерибиз бар. Аны ачып берүүдө кыйынчылыктар болду. Себеби экөөбүз бири-бирибизди акырын эле чаап жатсак, актёрдук чеберчилик боюнча сабак берген КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев "мына минтип чачтан жулат, минтип урат" деп бизди катуу чаап, чачыбызды жулуп үйрөтүп жатты. Ушундай мастер-класстан соң урушкан учурубузду ишеничтүү аткарып бердик”, -дейт ырчы Чолпонай.  






“Классташтар КG" тасмасынын жаңы трейлери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
17.10.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
саат канчада башталат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: