Жогорку Кеңеш Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү программасын жактырды
Жогорку Кеңеш 2014-2018-жылдарга карата Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун жактырды. Мындай чечим парламенттин 16-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев долбоорду ишке ашырууга 58 миллион сом талап кылынарын, 26 миллион сом мамлекеттик мекемелердин эсебинен каржыланса, калган бөлүгү эл аралык уюмдар тарабынан берилерин билдирди. “Программа балдардын укугу менен беделин коргоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук деңгээлин басаңдатуу, алардын кайталап кылмыш кылуусунун алдын алуу максатында иштелип чыккан”,- дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

