Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу ишине өлкөдөн милиция кызматкерлерин жиберүүнүн тартиби каралууда
Жогорку Кеңеште өлкөдөн сырткары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышууга укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү тартибин аныктоого багытталган мыйзам долбоору каралды.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мыйзамда өлкө аймагынан сырткары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү тартибинин өкмөт тарабынан аныкталуусу каралган эмес. Ошондон улам ушул жобону бекитүү зарылчылыгы келип чыгууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ченемдери учурдагы ченемдик-укуктук актыларга каршы келбейт.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

