Аламүдүн районунда тургундун 131 миң сом, 2000 евро, 800 долларын тоноп кеткен факты боюнча шектүү эки жаран кармалды
Аламүдүн районунда карактоо фактысына шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 67 жаштагы Маевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 7-августунда үйүнө бет капчан эки адам кирип, тапанча менен коркутуп 131 миң сом, 2000 евро, 800 долларын алып кетишкенин айткан. Ошондой эле кылмышкерлер үй ээсинин 12 калибрлүү мылтыгын, тапанчасын дагы кошо ала чыгышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 22 жаштагы Р.М. жана 25 жаштагы П.А. аттуу тургундары кармалган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.