super.kg logo

Бишкекте дүйнө кезип жүргөн сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин жеке көргөзмөсү ачылды

 
Көргөзмөнүн ачылыш аземине келген көрүүчүлөр арбын болду.
Сүрөтчү Асатилла Тешебаев.
"Менин уулум".
"Саймачы".
"Колдоо".
"Эмне кылуу керек?"
"Кайырчы".
"Мурас".
"Токтогул".
"Бийчи".
"Махабат".
"Кайырчы".
"Өмүрдүн сызыгы".
"Тынчсыздануу".
"Түш".
"Атчан".
"Жашоого кадам".
"Кубаныч".
"Дүйнөнү бөлүштүрүү".
"Кыбыраган кыр ашат".
"Зарыгып күтүү".
"Толгонуу".
"Бакыт үчүн".
"Качуу".
"Жашоодогу күрөш".
Тор, фанера, жыгач, темирден жасалган эмгек.
"Сезимдердин чырмалышы".
"Умтулуу".
"Аты жок темпера".
"Ар кимдин өзүнө".
"Фантастикалык түш".
"Кыйын кезең".
"Жеңип чыгуу".

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин жеке көргөзмөсүнүн бет ачар аземи орун алды. Иш-чарага өлкөнүн сүрөт чеберлеринин каймактары, студенттер, журналисттер катышты. Көргөзмөгө автордун абстракция жанрындагы 50дөн ашык эмгеги коюлду. 

Белгилүү болгондой, А.Тешебаев - азыркы көркөм өнөрүндөгү чебер сүрөтчүлөрдүн бири. Ал тандаган башкы тема – адамзат. Сүрөтчү өз чыгармачылыгынын чордонуна азыркы коомдун социалдык-саясий жана материалдык, руханий көйгөйлөрүн коёт. Аларды адамзатка мүнөздүү сезимдер, кыжалаттануу менен туя билет. Картиналар сюжети, композициясы жана техникасы боюнча бири экинчисине окшошпойт. Бирөөсү абдан мазмундуу, зор чыңалууну пайда кылса, башкалары лирикалуу жарык маанайда. Алардын баарын адамзат турмушундагы күн сайын өзгөрүп бараткан ачуу чындык, кубулуштар бириктирип турат. 

1990-жылдан тартып дүйнө кезип, эркин чыгармачылык изденүүдө жүрүп келген Асатилла Тешебаев: "Менин жеке көргөзмөлөрүм АКШ, Германия, Чехия, Орусия жана башка мамлекеттердин көргөзмө залдарында көрөрмандардын сынына коюлган. Бирок бул өзүмдүн туулуп-өскөн кыргыз жеримдеги алгачкы жеке көргөзмөм. Адамдардын жашоодогу умтулуусун, көйгөйүн, сүйүүсүн, кайгысын, изденүүсүн айткым келди",- дейт.

Белгилей кетсек, көргөзмө 4-ноябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: