Чүй районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты
Бишкек-Токмок унаа жолунун 53-чакырымында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 16-октябрь күнү Чүй районунун Арал айылынын аймагында болгон. Анда ВАЗ 2106 унаасы менен Хаммер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Хаммердин айдоочусу Милан Салбаев эч кандай жараат алган эмес, ал эми ВАЗ 2106 унаасынын айдоочусу Момо Момутов каза тапкан. Куткаруучулар унаанын ичинен кыпчылып калган маркумду алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.