super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Норвегияда 70 кишини өлтүргөн адам 20 жылдан кийин эркиндикке чыга алат. Биздин эл мындайга жол бербейт”

 

Бүгүн, 17-октябрда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынтыктоочу жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанга батыштын бардык мыйзамдары туура келе бербейт”,- деп билдирди.

Бир нече жыл мурун Норвегияда бир адам 70 кишини кырып өлтүрүп, 20 жылга камакка алынган. Ал эркиндикке чыкканда 50 жашка толуп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болот. Керек болсо ал киши судья да боло алат. Мындан тышкары чет мамлекеттердин биринде ондогон жаш балдарды зордуктаган адам да 20 жылдан кийин эркиндикке чыга алат. Биздин эл мындайга жол бербейт, анткени адилетсиздикке чыдабайт”,- деди президент.

Европа менен Кыргызстандагы менталитет айырмаланарын, соттук реформанын алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунда мунун баары эске алынышы керектигин кошумчалады өлкө башчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: