super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Пенсиялар көтөрүлдү, бирок ишибиз муну менен эле токтоп калбайт"

 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 17-октябрда Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу жыйынга катышты. Тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган вице-премьер: "Кыргыз эли балдарга, карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга дайым кам көрүп келген. Социалдык тармактын кызматкерлери ар дайым элдин жыргалчылыгын ойлойт. Өздөрүнүн иши менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жардам берет",- деп билдирди. 
Сариева өмүрүн мамлекетке арнаган кызматкерлерге татыктуу пенсия чыгарып берүүгө бийлик аракет кыларын белгилеп, буларды кошумчалады: 
"1-октябрдан баштап пенсиялар дагы бир жолу көтөрүлдү. Муну менен пенсиясы жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумуна жетпеген пенсионерлердин саны кыскарат. Иш муну менен токтоп калбайт, пенсиялык реформа кошумча позитивдүү жыйынтыктарга жетүүгө жол ачат". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: