Жылнаама, 20-октябрь: Мындан 9 жыл мурун ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев көз жумган


Маркум "кримавторитет" Рысбек Акматбаевдин иниси, ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев 1962-жылы 30-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Тынычбек Акматбаев 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкердик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан. Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы "Лужники" стадионунда "Спартак" (СССР) жана "Хаарлем" (Нидерланды) футболдук клубдарынын ортосунда болгон беттеш учурунда тыгын болуп кетип, "Спартактын" 66 күйөрманы (алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр) каза болгон.

20-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.