super.kg logo

Манасчы Сапарбек Касмамбетовго билим жана маданиятка кошкон зор салымы үчүн өкмөттүн Ардак грамотасы тапшырылды

 

Манасчы, акын Сапарбек Касмамбетовго кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы тапшырылды. Белгилүү болгондой, бул сыйлык белгилүү манасчыга билим жана маданиятка кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 16-октябрында кол койгон.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарында туулган. Кочкордо окуп, таалим алган. Ал - манасчы, төкмө акын, Эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, Манас-1000 юбилейлик медалынын жана Даңк медалынын ээси. 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн "Манас" айтуу боюнча сынактарда 7 ирет жеңүүчү болгон. 

С.Касмамбетовдон “Семетей” эпосунун Кырк чоронун өлүмү эпизоду (1600 сап ыр) жазылып алынганАндан сырткары СССР мезгилинде радио, телевидениелерге миңдеген саптар жаздырылып, азыр алардын фондунда сакталуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: