super.kg logo
  Саясат  

10 жылдын ичинде Кыргызстандын 425 айылын таза суу менен камсыздоого 15,4 миллиард сом керектелери айтылды

 

Бүгүн, 20-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 2014-2024-жылдардын аралыгында Кыргызстандын 425 айылында суу түтүктөрүн орнотуп, таза суу менен камсыздоого 15 миллиард 416 миллион сом керектелери айтылды. “Анын ичинен республикалык бюджеттен 2 миллиард 189 миллион сом бөлүнөт”,- деди КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Данияр Шаршекеев.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Эркингүл Иманкожоева айылдарды таза суу менен камыздоо жаш балдардын жана жергиликтүү тургундарын ден соолугуна маанилүү экенин билдирди. “Бүгүн каралып жаткан маселе стратегиялык болуп саналат. Ошондуктан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы жана вице-премьер-министрдин катышуусу зарыл”,- деп талабын айтты эл өкүлү.

Айта кетсек, бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоору жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн токтому каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: