Борбор калаада зордуктоого шектелип шаардын 22 жаштагы тургуну кармалды
Бишкек шаарында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан "18 жаштагы кызды зордуктоого шектүү" деп шаардын 22 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен шаардын тургуну А.К. кайрылган, анда ал белгисиз бирөө күч колдонуу менен анын 18 жаштагы кызын зордуктагандыгын айткан.
Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү катары шаардын 22 жаштагы тургуну О.Шакир колго түшүрүлдү. Учурда шектүү адам камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.