super.kg logo

Бишкекте ажырашып кеткен аялынын инисин өлтүрүп кеткен жаран изделүүдө

 

Бишкекте ажырашып кеткен аялынын инисин өлтүргөн жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 19-октябрда саат 01:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы №4-ооруканада денесине бычак менен жаракат келтирилген адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Оор жаракаттан улам Ак-Ордо конушунун тургуну Т.Нурбек каза тапкан.  

Ак-Ордо конушунда жашаган эжеси, 27 жаштагы Р.Гүлкайыр түшүндүргөндөй, 19-октябрь күнү ал үйүндө уктап жатса, саат 00:10дор чамасында аны мурдагы жолдошу, 28 жаштагы С.Алымбек ойготуп, бычак менен коркутуп көчөгө алып чыгат. Ошол маалда иниси келип калат, ал эми Гүлкайыр күйөөсүнүн колунан жулунуп чыгып, үйгө качып барып жардам сураганга аракет кылган. Бир аз убакыт өткөндө тышка чыгып, инисине бычак сайылып жерде жатканын көрөт. Ал эми С.Алымбек из жашырып кеткен. 

Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда С.Алымбекти издөө боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.10.2014. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак адам табылганда деле бейажал бала жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун . Оомийн
21.10.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак ушуга окшогон эркек соройдорду асып салса же атып жиберсе. Бечара жигит он гулунон бир гулу ачылбай, кете бериптир. Жаткан жерин жайлуу болсун.
21.10.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум десе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: