super.kg logo

Бишкекте талап-тоноочулук, уурулук иштерин кылып жүргөн 2 шектүү кармалды, үчүнчүсү изделүүдө

 

Бишкекте талап-тоноочулук жолго барган эки жигит Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды, учурда үчүнчүсү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-октябрь күнү милиция кызматкерлерине 44 жаштагы шаар тургуну С.Назгүл кайрылган. Анда ал 10-кичи райондун аймагынан европа улутундагы 17-18 жаш курактагы 3 адам күч колдонуу менен сумкасын тартып алгандыгын айткан. Сумкада “Айфон-5” жана “Нокиа” үлгүсүндөгү телефон аппараттары жана 5 миң сом акча болгон.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 3 адамдын өздүгү такталып, экөө кармалган. Алар: Ысык-Көл районунун тургундары, 18 жаштагы Г.Игорь менен С.Иван, ал эми үчүнчүсү - С.Станиславды кармоо боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын Октябрь районунун аймагында катталган уурулук иштерине, унааларды уурдоо жана батирлерге уурулук кылуу иштерине катыштыгы бар экендиги аныкталды. Ошондой эле алардын ушул сыяктуу башка иштерге болгон катыштыгы иликтенип жатат.

Кармалгандарга карата иликтөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечими чыгарылды. Мындай жолдогу кылмыштардан жабыр тарткандар же сүрөттөгү жарандар катышкан кылмыштар боюнча маалыматы барлар “102” кызматы аркылуу Октябрь РИИБине кайрылышса болот деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: