Бүгүн парламенттин тармактык комитети “Ош” Эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн талкуулайт
Бүгүн, 21-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, тармактык комитет алгач “Ош” Эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн жана “Ош” аэропортунан Учар айылына чейинки, ошондой эле Ош-Ноокат (10-28 км) автомобилдик жолдорунун курулушунун жүрүшүн карап чыгат. Ал эми саат 14:00дө Ош шаардык мэриясында комитеттин көчмө жыйыны уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

