Жоомарт Оторбаев: "Жыл аягына чейин Евразиялык экономикалык союзга кирүү үчүн баарын жасайбыз"
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 21-октябрда Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушуп, тараптар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Оторбаев экономикалык мамилелерде Орусия евразиялык интеграция процессинде Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп: "Евразиялык интеграция ийгиликтүү өнүгүүгө мүмкүндүк берет. Жылдын аягына чейин Евразиялык экономикалык союзда болуу үчүн биз баарын жасайбыз",- деп билдирди.
Өкмөт башчы өлкөдөгү энергетикалык ири долбоорлордун маанилүүлүгүн айтып, соода жаатында Орусия менен биргелешкен долбоорлор түзүлөрүнө ишенерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

