super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев энергетика министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаевди тизмеден биротоло чийип салууну талап кылууда

 
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталган Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин артка чакыртып алууну өкмөт башчыга сунуштайт. Муну фракция лидери 21-октябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында айтты. "Бул адам Жети-Өгүз РЭСинин башчысы болуп турганда жок эле бир компанияга 30 миллион сомдук электр энергиясын сатып, акчасын сол чөнтөккө салган. Турдубаев өзүнүн күнөөсүн моюнга алууда. Мындай адамдардын кызматка келишине тыюу салышыбыз керек. Оор кылмыш кылса да, айып пул төлөө менен кутулуп кеткен. Мындай адамды министр кылуу эмес, жоопкерчиликке тартуу зарыл",- деди Текебаев. 
Айта кетсек, парламенттин өткөн аптадагы жыйынында К.Турдубаев министрликке талапкерлиги сунушталар алдында өзүнүн мурда соттолгонун президентке айтканын, өлкө башчыдан эч кандай каршылык болбогонун билдирген эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: