super.kg logo
  Саясат  

Эрланбек Токтосунов Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын кызматынан бошотулду

 

Бүгүн, 21-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Эрланбек Токтосунов Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтосунов Эрланбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет" деп айтылат маалыматта.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: