super.kg logo

Ошто милиция кызматкеринин белгисиз балдар тарабынан ур-токмокко алынышы иликтенүүдө

 

Кечээ, 20-октябрдагы ок атышуу боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 18:45 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери унаасы менен бара жатканда артынан Тойота Эллион үлгүсүндөгү унаасы келип сүзгөн. Кызматкер окуяны териштирүү үчүн түшкөн учурда сүзгөн унаадагы 25-30 жаштардагы 3-4 бала түшүп, эч себепсиз кызматкерди ур-токмокко алышып, жанындагы Макаров үлгүсүндөгү куралын тартып алууга аракет жасашкан. Өз ара тартышуу учурунда куралдан ок чыгып, зомбулук көрсөтүп жаткан балдардын биринин бутуна тийген. Ошого карабастан, зомбулук көрсөткөн балдар куралды тартып алышып из жашырууга аракет жасашкан. Бирок жетип келген оперативдүү топтун иш-аракети менен ок тийген 1988-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалган. Анын шериктери качып кетишкен. Учурда 30 жаштагы милиция кызматкери Ош шаардык ооруканасында. Кармалган жарандын үстүнөн "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.10.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки тараптуу иликтоо жургузуш керек,балдар деле жондон жон келип тайота машинасы менен сузуп ур-токмоко албаса керек.Пистолет менен ошол убакта атыштыбы же аткандан кийин келип чыккан уруш болгонбу? Суроолор,дал келбеген жагдайлар коп ..Жакшылап иликтоо жургузуу керек..
Dadin1 түзөттү 21.10.2014 12:05
21.10.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл шапкачан комок корсоткон спортиктер болушу да мумкун ХХХ ХХХ ХХХ оздору кол которуп жаткандан кийин
Модератор admin_portal түзөттү 21.10.2014 16:07
21.10.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganibal87 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: