super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет талап-тоноочулардан коргонгон адамдарга кам көрө турган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

 

Талап-тоноочулардан коргонгон адамдарга жардамы тие турган мыйзам долбоору сунушталууда. Мыйзам долбоору бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында каралып, экинчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна жиберилди. Демилгечи депутат Эристина Кочкарованын айтымында, демилгенин маңызы жарандардын өз үйүндө өз өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн, өз жакындарынын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн коргоо үчүн жасаган бардык аракеттери зарыл коргонуу катары каралышы керектигинде.

Мындай аракеттер зарыл коргонуунун чектеринен ашып кеткендигин далилдөө иши айыпталуучуга эмес, айыптоочу тарапка жүктөлүүгө тийиш. Бул болсо өз үйүндө өзүн жана өзүнүн жакындарын коргогон адам кийин башка бир адамдын (кол салуучунун) ден соолугуна жана өмүрүнө атайылап залал келтиргендик, аны өлтүргөндүк үчүн айыпталуучу жана соттолуучу болуп калган кырдаалдарга жол бербөө үчүн керек.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр мыйзамды бекем тутунган ар бир адамдын жеке керт башынын кол тийгистигин камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга, мунун натыйжасында кылмыштуу кол салуулардын санын азайтууга алып келет деп кабыл алууга болот. Ар кандай ууру-кескилердин жана талап-тоноочулардын карасанатай ниеттерине бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: