super.kg logo
  Саясат  

Бишкек жана Ош шаарларында кафелердин сыртына видеобайкоо орнотуудан качкан ишкерлерге айып салынат

 

Депутаттар Бишкек менен Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сыртка видеобайкоо жабдууларын орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду. Мыйзам долбоору бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында каралды. Демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов.

Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын жана Ош шаарынын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Ал жабдуулар ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат. Видеобайкоо жабдууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.

Депутат Өмүрбек Текебаев кафе же ишканасынын сыртына видеобайкоо орнотпогон ишкерге айып салынарын айтты.  

"ИИМ шаарлардагы бардык объектилерге бирдей стандарттагы видеокамераларды коюуну милдеттендирет. Камера орнотпогондорго айып пул салынат. Азыр коомдук коркунуч актуалдуу. Оор кылмыштардын жана жеңил кылмыштардын бетин ачканга бул өтө чоң жардам берет",- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: