super.kg logo

Каракол шаарында кылмыш жасагандардын саны өсүүдө

 

Каракол шаарында кылмыш жасаган адамдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

“Отчёттук мезгил ичинде шаардагы кылмыштуулуктун саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 278ден 285ке чейин өсүп, ага катыштыгы бар аялдардын саны 32ден 45ке чейин көтөрүлгөн. Учурда бети ачыла элек 19 бейбаштык фактысы катталган”,- дейт Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле жыл башынан бери аймактык тескөөчүлөр тарабынан 98 кылмыш ишинин бети ачылган. Анын 82си күтүүсүздөн жасалган кылмыш иштери болгон. 

“Андан сырткары аймактык тескөөчүлөр тарабынан 9 ай аралыгында 32 ар кандай рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 52 кылмыш иши ачылса, 263 административдик протоколдор түзүлгөн”,- деп кошумчалайт С.Усубакунов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: