super.kg logo

Бишкекке Казак мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери гастролдоп келишет

 

7-10-ноябрь күндөрү борбор калаага Абай атындагы Казак мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери гастролдук иш сапары менен келишет. КРнын Маданият, маалым жана туризм министрлигинен билдиришкендей, казак артисттери өнөрүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында көрсөтүшөт.

Учурда казак театры Евразия мейкиндигиндеги эң ири театрлардын бири. Анын чыгармачыл жамаатында атагы чыккан жана беделдүү эл аралык сынактарда лауреат болушкан жаш артисттер эмгектенишет. Казак театрынын чеберлери Франция, Германия, Италия, Япония, Түркия, Кытай, АКШ жана башка мамлекеттердин сахналарында өнөрүн көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна арзышкан. 

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында орун алчу балеттер:

7-ноябрь, "Юнона жана Авось" рок-балети;

8-ноябрь, "Ромео жана Жульетта" балети;

9-ноябрь, "Ак куу көлүбалети;

10-ноябрь, "Ромео жана Жульетта" балети жана дүйнөлүк балет жылдыздарын гала-концерти болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: