super.kg logo
  Саясат  

"Коррупционерлердин жазасын күчөтүүчү мыйзамга кол койбосо, президенттин "коррупция менен күрөшөм" дегени бекер" деди Текебаев

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 21-октябрдагы жыйынында өлкөгө олуттуу зыян келтирген кызматкерлердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мамлекетке миллиарддаган сомдук зыян келтирген чиновниктер сот тарабынан акталып жатканына токтолду. "Кой уурдаган байкуштар 10 жылга чейин камалууда. Ал эми "балдарыбызды чет мамлекеттен окутабыз" деп миллиарддарды уурдагандар 5-20 миң сом айып төлөп чыгып кетишүүдө. Аларга жеңил жаза берилбеши керек",- деди депутат.  

Текебаев аталган мыйзам долбоору кабыл алынбаса, президенттин коррупция менен күрөшүү аракети бекер экенин айтат. "Бул мыйзам долбоору үч окууда жактырылып, президент Алмазбек Атамбаевдин кол коюусуна жиберилген. Бирок ал баш тартып койгон. Эки жыл өткөндөн кийин кайра сунуштап жатабыз. Президент "коррупция менен күрөшөм" десе, эмне үчүн бул мыйзамды кабыл алууга шашылбайт? Муну кабыл албасак, президенттин коррупция менен күрөшөм дегени бекер",- дейт "Ата Мекендин" лидери. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: