super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Бажы союзуна кирсек, Орусиядагы кыргыз жарандары эркин жүрүп калышат"

 
Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Орусиядагы кыргызстандык мигранттар эркин жүрүп калышат. Муну 20-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. "Бажы союзуна кошулуу менен биздин өлкөлөрдү авиакаттамдар, автомагистралдар, темир жол бириктирет. Чектөөлөр алынып, экономикалык мамилелердин жакшырышы күтүлөт. Биздин экологиялык жактан таза жер-жемиштер менен жашылчалар орусиялыктардын табитин табат деген ойдомун. Учурда биздин эмгек мигранттарыбыздын көпчүлүгү Орусияда иштейт. Союзга кирсек, алар эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат",- деген спикер союздагы өлкөлөрдүн көмөгү менен Кыргызстанга айыл чарба азыктарын эл аралык стандартта сертификациялоо боюнча заманбап лабораториялар куруларын кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: