super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Кыргызстандын чет мамлекеттердеги консулдары жолугушту

 
Бүгүн, 21-октябрда Бишкектеги КРнын Тышкы иштер министрлигинде үчүнчү жолу өтүп жаткан консулдардын жолугушуусу болду. 
Ага ТИМдин жетекчилиги, президенттик аппараттын, өкмөттүн жана ЖКнын өкүлдөрү катышты. 
Өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу КРнын Экономика менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын чет мамлекеттердеги консулдары өз ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгына токтолуп, алдыдагы пландарын айтышты. 
"Күндүн экинчи жарымында консулдар жана Кыргызстандын чет мамлекеттер менен иштешүүгө кызыкдар ишкерлердин жолугушуусу өтөт. Үч күндүк иш-чара Ош жана Жалал-Абад шаарларында уланат" деп билдирет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: