Сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус 5 жылга эркинен ажыратылды




Бүгүн, 21-октябрда сот сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториусту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оскар Писториустун ишин караган сот Токозиле Масипа спортчуну шарттуу түрдө 3 жылга жана абакта отурууга 5 жыл деп эркинен ажыратты. Өкүм окулуп жаткан учурда Писториус көзүнө жаш алган. Ал айыпталган берене боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган эле.
Эске салсак, сентябрь айында сот аны "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча актаган. Ошондой эле шектүү жабык эшик артында туруп адамды атайын өлтүргөнү боюнча күнөө далилденбегени маалымдалган.
2013-жылы Сүйүшкөндөр күнүндө Оскар Писториус сүйгөнүн атып салганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери спортчунун үйүнөн анын сүйгөнү, 32 жаштагы Рева Стенкамптын 4 ок жеген жансыз денесин табышканда Оскар: «Ваннадан дабыш чыкканда ууру экен деп 4 ирет ок аткам»,- деген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Arti

21.10.2014. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор дагы аны 5 жылга эркинен ажыраткан экен. Эгер бизде болсо актап эле коймок.
myrza80

21.10.2014. 18:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга да шугур дегин 15 жылга кетпей калыпсын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.