Кыргызстандык композитор Вера Осмонкулованын музыкасы жаңырган америкалык тасма эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды



"Akademy Award of Merit" сыйлыгынын акыркы жасалган үлгүсү.


Америкалык режиссёр Дэвид Молино.

Фильмди тартуу учурунан.



"Waking up dead" аттуу тасмадан үзүндү.
Америкалык жаш режиссёр Дэвид Молинонун "Waking up dead" аттуу тасмасында кыргызстандык композитор, КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун эжеси Вера Осмонкулованын музыкасы жаңырат. Аталган фильм "Toronto International filmfestival" кинофестивалында "Akademy Award of Merit" ("Оскар") наамын жеңип алганын жана фильмдин режиссёру композитор айымга анын жараткан чыгармасы үчүн ыраазычылык билдирип кат жөнөткөнүн Вера Осмонкулова 22-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Дэвид Молинонун Вера Осмонкуловага жазган каты: "Вера, сиздин музыкаңыз, чыгармачылыгыңыз мага эргүү тартуулап, тасмамды жаратууга шыктандырды. Ал бардык кино ишмерлери самаган бийик деңгээлдеги "Akademy Award of Merit" наамын алууга көмөкчү болду. Фестивалдын уюштуруу комитети актёрлордун ачып берген мыкты образдарын гана эмес, тасмадагы сиздин музыкаңызды көрүнүктүү жаратмандык катары баалап, бул сыйлыкты тапшырганын мен ишеничтүү айта алам. Сиз менен тааныштырган тагдырга ыраазымын. Эми "Оскар" сыйлыгын алууда жолугабыз деген ишеничтемин".
Вера Осмонкулова: "Бул сыйлыкты тапшыруу аземи январь айында болот. Буюрса, бул саамалыкка мен дагы катышам",- дейт толкунданып.
Белгилей кетсек, Вера Осмонкулова - Европанын сахналарында дүйнөлүк классикалык чыгармаларды оркестрдин катарында гана эмeс, фортепианодо классикага айланган кыргыздын нукура музыкасын дүйнө элине жайылтып келе жаткан кыргыз музыканттарынын бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
Kanat8427

22.10.2014. 17:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик ишинизге
Ibragim864

22.10.2014. 18:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жердешибиздин ийгилигине биз да кубанычтабыз.Кыргыздын ушундай сыймыктана турган кыздары коп болсо экен.
Manasemetei

23.10.2014. 03:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sonun janylyk
dinooou

23.10.2014. 17:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жуксун жуксун,чоң чоң сыйлыктарды алалы биз да. Эжеке жугуза келсин эми)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.